2017-жылдын 14-декабрында «Халык Банк Кыргызстан» ААК менен «Кепилдик фонду» ААКнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Кол коюу аземине аталган компаниялардын жетекчилери Айкын Кабулов жана Малик Абакиров катышышты.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Айкын Кабулов өз сөзүндө «Кепилдик фонду» ААК менен кызматташууга кубанычтуулугун билдирди, ошону менен бирге кичи жана орто ишкердик чөйрөсүн Фонддун кепилдигинин алдында насыялык ресурстар менен камсыздоого Банктын даяр экендиги жөнүндө айтты. Акыркы мезгилде «Халык Банк Кыргызстан» өз ишмердигин бардык багыттарда, алардын ичинде бизнести насыялоо чөйрөсүндө активдештирген. Социалдык жана экономикалык жактан олуттуу болуп эсептелген мамлекеттик
ипотека жана кепилдик тутуму сыяктуу өнүктүрүү институттарын ишке ашырууда катышуу биз үчүн маанилүү, деп эсептейбиз. Ошондой эле, финансылык кепилдик – Кыргызстандагы кичи жана орто ишкердикти колдоонун жаңы, бирок кеңири таанылган куралы болуп калды, - деп белгиледи «Халык банк Кыргызстан» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы.
Өз кезегинде, «Кепилдик Фонду» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров кичи жана орто ишкердикти финансылык кепилдиктердин алдында насыялоого «КФ» ААК менен өнөктөштүктө катышууга макул болгондугу үчүн Банктын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.









