Акчалардын Дүйнөлүк жумалыгы 2018 чегинде (GlobalMoneyWeek 2018) 2018-жылдын 17-мартында болуп өткөн Дүйнөлүк жумалыктын чегинде Бишкек шаарында 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар жана өспүрүм балдар үчүн квест-оюну өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты –финансылык сабаттуулук, башкача айтканда: банктык аспаптар, фонддук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, камсыздоонун негиздери, мамлекеттик баалуу кагаздар, жеке бюджетти түзүү, инфляцияны эсептөө жана көптөгөн башка негиздер боюнча өспүрүм балдарга билим берүү.
Оюндун жүрүшүндө катышуучуларды финансылык сабаттуулукбоюнча интерактивдүү тренингдер гана күтпөстөн, кызыктуу оюн да күтөт, анда ар бир катышуучу өзүнүн билими менен иштеп тапкан оюн акчаларына демөөрчү-банктан 5000 сомго чейинки суммада реалдуу депозиттик эсептерди ачууга, «Раритет» китеп дүкөндөр түйүндөрүнөн 5000 сомго чейинки суммада сертификаттарды, өнөктөштөрдөн логикалык оюндарды жана башка акчалай сыйлыктарды сатып алууга мүмкүнчүлүк алат.
Мында катышуучу-өспүрүм балдардын ата-энелери да оюнга тартылат, алар үчүн финансылык сабаттуулукбоюнчатренинг уюштуруу пландаштырылууда, бул ушул оюндун тренингдерден алган билимдерин практикада колдонуу үчүн кубаттуу аспабы болуп чыгат.Финансылык квест-оюнга катышуудан кийин балдардын маалыматтык базасы пайда болот, аны балдар реалдуу жашоодо колдоно ала тургандыгы абдан маанилүү.
Оюн өткөрүлө турган жери: КРСУ, 3-корпусу, Чүй пр., №6 (Алматы көч. кесилиши)
Оюн өткөрүлө турган убакыты: 12:00-16:00
• жаш курагы боюнча I-топ - 12-13 жаштагы балдар, 12:00 - 14:00
• жаш курагы боюнча II-топ - 14–15-16 жаштагы балдар, 14:00 - 16:00.
Сурап-билүү телефону: 0770 061 216
Оюндун сыйлык фонду:Оюндун башкы демөөрчүлөрү: Халык Банк – Кыргызстан» ААК жана «Банк Компаньон» ЖАК тарабынан берилген 45 миң сом.
Уюштуруучулар: «Сенти» финансылык компаниясы (тапшырмалар, контент, тренингдер) жана Өнүгүү саясат Институту (оюндардын форматы жана электрондук оюн банкы).
Өнөктөштөр: КР Улуттук банкынын координациясынын алдында GlobalMoneyWeek2018 өткөрүү боюнча демилгечи топ.
Катышуу акысыз, алдын ала катталуу керек.
Онлайн каттоо үчүн шилтеме боюнча кириңиз жана анкетаны толтуруңуз.https://goo.gl/forms/TfR5F60RsJYuZ3EU2
Катышуучулардын саны: 40.
Алдын ала пландаштырылууда: 20 адамданкатышат.
Оюндун убакыты: бир топ үчүн - максимум 2 саат.










