Көп каналдуу

Факс

gl 3

Дүйнөлүк акча күндүн (GlobalMoneyWeek-2019) алкагында башка өнөктөштөрү менен биргеликте «Халык Банк Кыргызстан» ААК Саясат Өнүктүрүү Институтунун демилгесин колдоп чыгышты жана «Финансылык көз карандысыздыктын ачкычы» аталышындагы финансылык сабаттуулук боюнча китептерди басып чыгарууну каржылады.

Жеке кирешени кандай пландоого болот, инвестиция деген эмне, ошондой эле мамлекеттик бюджет эмнеден түзүлөт – ушул жана башка суроолорго жооптор окуучулар үчүн окуу куралдарында жана мугалимдер үчүн методикалык куралдарда кызыктуу жана жеткиликтүү түрдө баяндалып айтылган.  

11-апрелде Бишкек шаарынын беш мектебинин өкүлдөрү Халык Банктан китептердин класстык-комплекттерин алууга карата сертификаттарды алышты:

  • №77 орто мектеби
  • №83 орто мектеби
  • №21 орто мектеби
  • №3 орто мектеби
  • №59 орто мектеби
  • №33 гимназиялык мектеби
  • №7 иштеген жаштар үчүн мектеп

№33 гимназиялык орто мектептин экономика мугалими Загидулина Рамзия Вагизовнаөзүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү:

«Финансылык сабаттуулук боюнча ушул окуу курал финансылык каражаттарды туура башкарууну үйрөнүүсүнө балдарга жардам берет! Бул окуу куралдар окуучуларга абдан маанилүү темаларды жеткиликтүү түшүндүрүүгө мүмкүндүк бере турган өтө пайдалуу китептер!»

Маалымат үчүн:

Ушул жылы Дүйнөлүк акча күнү (Global Money Week) 8-апрелден 14-апрелге чейинки мезгил ичинде өтөт. Ушул иш-чарага Кыргызстан бешинчи жолу катышып жатат. 2019-жылдагы иш-чаранын девизи: «Оку. Сакта (Үнөмдө). Иштеп акча тап»! Ушул иш-чара – бул дүйнөлүк кыймыл, анын максаты балдарды жана жаштарды финансылык сабаттуулукка окутуу болуп саналат. Биздин өлкөдө Акча жумасы коммерциялык банктардын жана көптөгөн башка уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын патронажынын алдында өткөрүлүп жатат.

 

gl 3

gl 3

501 narod 401 403
  406 contact_2 bereke