
Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерди Нооруз - жаздын, кайра жаралуунун жана жаңыруунун майрамы менен куттуктайбыз!
Бул жаркын, жарык күнү Сиздерге жана сиздин жакындарыңызга токчулукту жана гүлдөп өнүгүүнү, зор бакытты жана ден соолукту каалайбыз! Сиздердин майрамдык дасторкон- бүгүн гана эмес, узак жашооңузда дайыма берекеден ашып ташып турсун. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык жана бейкутчулук, токчулук жана жакшы жашоо орноп турсун.
Нооруздун бирден бир белгиси - улууларга болгон сый! Майрам күнү адамдар бири-бирин кечиришип, таарынычтарын унутушат, жаңы күнгө таза ар намыс жана жеңил жан дүйнө менен киришет!
Майрамыңыздар менен, урматтуу Кыргызстандыктар!









