CONTACT тутуму
CONTACT – бул жеке адамдардын ортосунда акча которууларын тез жүргүзүүчү технология.
CONTACT тутумунун артыкчылыктары:
· Жөнөтүүчүдөн анча чоң эмес комиссия (чет элдик валютада 0,1% баштап которуу);
· Банк акча которуусун аткаруусунун жогорку ылдамдыгы; 20 дан 30минутага чейин;
· Алуучу үчүн чыгымдардын жоктугу - ага акча которууну толук, кармоосуз беришет;
· Жеткирүүнүн ылдамдыгы чыныгы убакыт режиминде. Акча которуу убактысы жөнөтүү пункту менен алуу пунктунун саат алкагынын айырмасына жараша жүргүзүлөт, ошондой эле банктын иштөө режимине жараша;
· Номерге акча которуунун азыркы статусу туурасында sms-билдирүү;
· РФ рублу, АКШ доллары жана евро менен жөнөтүү;
· дарексиз төлөм - которууну CONTACТ бардык пунктунда Росиядан жана жакынкы чет мамлекеттерден алууга болот;
· Алуучу жана жөнөтүүчү үчүн жоболоштуруунун жөнөкөйлүгү.
CONTACТ тутуму боюнча бардык төлөм карталарын толтуруу.
Эгер Сиз банк катасын толтуруу зарылдыгы пайда болсо, анда Халык банктагы CONTACТ тутумунун жардамы менен жүргүзө аласыз. Муну үчүн банкка келип, картанын номерин гана көрсөтүү жетиштүү!
Бул кызматтын алкагында Сиз аткара аласыз:
1. Каалаган картага накталай акча салуу: MasterCard/Maestro, VISA, UnionPay, American Express жана Diners Club International, о.э. ЭЛКАРТ жана SMARTCARD.
2. Өзүңүздүн же башка адамдын картасына накталай акча салуу (досторго, туугандарга, анын ичинде чет өлкөдө жүргөндөргө).
3. Карта менен байланышкан насыяны төлөө.
Толуктоону рубль, АКШ доллары, евро менен жүргүзсө болот.
CONTACТ тутуму боюнча банк картасына акча которуу үчүн, Сизге төмөнкүлөр зарыл:
· Сиз үчүн ыңгайлуу болгон Халык банктын бардык филиалына же аманат кассасына келүү.
· Паспорттун номерин же картанын номери (маңдайкы бетинде) көрсөтүү.
· Которуунун суммасын жана комиссияны төлөө, кызматты төлөгөнү туурасында дүмүрчөк алуу.
Которуу үчүн комиссия:
· РФ банкынын карталарына: 1,5% + 20 RUB;
· Чет элдик банктардын карталарына: 1,5% + 50 RUB/2 USD/2 EUR;
· UnionPay картасы, Кытай: 1,5% + 2 USD.
Картага акча каражатынын эсептелүү мөөнөтү - кыска мөөнөттө.
CONTACТ тутуму боюнча бул кызмат Сизге бардык банк картасын тез жана ишенимдүү толтурууга мүмкүндүк берет!