"Элдик которуу" тутуму
"Элдик которуу" акча которууларынын филиал аралык тутуму Банктын өздүк иштеп чыгуусу болуп саналат. "Элдик которуу" акча которууларынын филиал аралык тутумунун колдонуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында, Халык-Банктын филиалдары жана аманат кассалары аркылуу акча которууларын дароо жөнөтүп жана ала алышат.
"ЭЛДИК КОТОРУУ" тутумунун өзгөчөлүктөрү:
· Акча которуу эсеп ачуусуз жүргүзүлөт;
· Акча которуусун 5 минутанын ичинде алууга болот;
· Комиссия акча которуучусу тарабынан гана төлөнөт;
· Которуулар улуттук валютада – СОМ, АКШ доллары менен – USD, евровалютада – EUR, россия рублинде – RUB жана казак теңгеси – KZT менен жүргүзүлөт;
· Бир которуунун максималдык өлчөмү улуттук валютада - 500 000 сом, АКШ долларында – 10 000 USD, евродо – 10 000 EUR, россия рублинде – 500 000 RUB жана казак теңгесинде – 1 500 000 KZT түзөт;
· Улуттук валютада акча которуу үчүн комиссия 20 000 сомго чейин – 20 сом (+2% НСП), 20 000 сомдон өйдө – которуунун суммасынан 0,1% (+2% НСП).
· Чет элдик валютада акча которуу үчүн комиссия:
АКШ доллары менен – суммадан 0,1%, min 0,5 USD;
евро менен – суммадан 0,1%, min 0,5 EUR;
россия рубли менен – суммадан 0,1%, min 30 RUB;
казак теңгеси менен – суммадан 0,1%, min 100 KZT.
Бул кызмат боюнча дагы кенен маалыматты төмөнкү телефондор боюнча: +996 (312) 32-32-32, 56-56-56, 34-34-24, 68-68-68 же банктын филиалдарынан же аманат кассаларынан ала аласыздар.