
Урматтуу кардарлар!
Сиздер үчүн атайын иштелип чыккан продукт чийинин сунуш кылабыз - Ири жана орто бизнес ишканаларынын корпоративдик кардарлары үчүн насыялар.
Насыянын суммасы – 500 миңден 3 миллионго чейин АКШ доллары.
Насыялоо мөөнөтү – 5 жылга чейин.
Үстөк пайызы АКШ доллары менен – жылдык 12 - 13%.
Насыяны төлөө булагы – иштеп жаткан ишкананын кирешеси.
Корпоративдик каржылоонун артыкчылыктары:
- Насыялык арызды ыкчам кароо жана жактыруу;
- Атаандаштыкка туруктуу үстөк пайыздар;
- Корпоративдик насыяны камсыз кылууга ийкемдүү мамиле.
Корпоративдик насыялар төмөнкү максаттарга жумшалат:
- Жүгүртүү капиталын көбөйтүү;
- Инвестициялык каржылоо (өнүктүрүү, кеңейтүү, бизнести диверсификациялоо);
- Кыймылдуу/кыймылсыз мүлк объектилерин алуу;
- Тышкы соода ишмердүүлүгүн каржылоо;
- Башка банктардан алынган насыяларды рекаржылоо;
- Коммерциялык кыймылсыз мүлктү куруу боюнча долбоорлорду каржылоо;
- Башка максаттар.
Ошондой эле Халык Банк Россия- Кыргыз Өнүгүү Фондунун программасы боюнча 5 жылга чейинки мөөнөткө 500 миңден 1 млн чейин АКШ доллары (КРУБ курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалент) НАСЫЯЛАРДЫ берерин эскертебиз.
Каржылоо агроөнөржай комплексиндеги, тигүү жана кездеме токуу өнөр жайындагы, транспорт, медициналык тейлөө, инфраструктураны өнүктүрүү (туризм инфраструктурасын кошкондо) жана башка өндүрүш багытындагы узак мөөнөттүү инвестиция боюнча чакан жана орто бизнес долбоорлоруна багытталат.
Насыялоо шарттары: улуттук валютада – жылдык 12% жана АКШ доллары менен – жылдык 5%.
Бул программа өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Биз ар дайым Сизге жана Сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсүнө жардам берүүгө кубанычтабыз!
Кененирээк маалымат үчүн телефон: +996 (312) 32-38- 60.















