
Урматтуу ЭЛКАРТ жана VISA банк карталарынын ээлери!
ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталарынын бардык колдонуучуларына ыңгайлуу болсун үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААК Бишкек шаары, Мурманск көчөсү, 359/3 дарегиндеги “Фрунзе-2” гипермаркетинде жайгашкан банкомат Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Фрунзе көчөсү, 215 дарегиндеги «Фрунзе-Новопавловка» гипермаркетине көчүрүлгөнүн билдирет. Сиздер каалаган күнү саат 08-00дөн тартып саат 24-00гө чейин банкоматтын кызматынан пайдалана аласыздар.
Эскерте кетсек, «Халык Банк Кыргызстан» ААК кардарларына төмөнкүдөй кошумча кызматтары бар ЭЛКАРТ жана VISA төлөм тутумунун карталарын чыгарууну сунуштайт:
· товарлар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөө;
· үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча карталарды чыгаруу;
· ар айлык эмгек акынын суммасынын 70% өлчөмүндө кредиттик лимит белгилөө (Банктын эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары үчүн);
· “Элдик” программасы боюнча 3 жылдык мөөнөткө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдө керектөө муктаждыктарына Экспресс-кредит алуу (Банктын эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары үчүн);
· Сиздин чөнтөк телефонуңузга түшүүчү SMS билдирүүлөрдүн жардамы менен дайыма Сиздин карта эсебиңиз жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү.
Бүгүнкү күнү Халык Банк Кыргызстан 27 банкоматты тейлейт.
Банкоматтардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.















