Аманат кассасынын кызматкерлери өздөрүнүн эски жана жаңы кардарларынын бардыгын жаңы кеңсесинен күтөт, жаңы кеңсе Жибек-Жолу көчөсүндөгү «Табылга» СК каршысында жайгашкан.
Жаңы офис абдан жарык жана көрктүү, ал эми эң башкысы – аманат кассасынын абдан ыңгайлуу жерде жайгашкандыгы, мунун өзү бардыгыбызга аны тез эле таап алууга жана каалаган кызмат көрсөтүүнү алууга мүмкүндүк берет. Аманат кассасынын кызматкерлери бардык кардарларга которууларды алуу/жөнөтүү, депозит ачуу, валюта алмаштыруудан тышкары, кардарларга жекече консультация да беришет жана – кардар үчүн кандай кредит алуу пайдалуу экендигин да айтып беришет.
















