Кымбаттуу биздин балдар жана кыздар, - силерди Балдарды коргоо күнү - балдар майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алгыла!
Бардык балдарга бекем ден соолук, түгөнгүс бакыт жана ачык асман каалайбыз. Силердин кубанычтуу, шайыр күлкүңөр ар дайым бизди кубандырып турсун. Ар бир бала чоңдордун аларга болгон сүйүүсүн жана камкорудугун көрсүн жана сезсин.
Балдарды коргоо күнүнө карата Халык Банк Кыргызстан кызматчылары Бишкек шаарынын шаардык реабилитациялык борборунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди тапшырышты.
Майрамыңар менен, балдар!
















