«Балага жылуулук тартуула» - кайрымдуулук акциясы ушундай девиздин алдында өттү, анын алкагында «Халык Банк Кыргызстан» жетим-балдар үчүн Чүй мектеп-интернатында (Токмок ш.) тарбияланып жаткан балдар үчүн бут кийим сатып алууга карата чыгымдарын каржылады. Бул мекемеде 128 бала тарбияланат, учурда аларга жылуу бут кийимдер абдан керек болчу.
«Ата-энесиин багуусусуз калган балдарга ушунча жакшы көңүл бөлгөнү жана камкордук жасаганы үчүн Халык Банкка чоң ырахмат» - деп мектептин директору Кантбубу Усенбаевна Жунусова ыраазычылыгын билдирди.
Акциянын демилгечиси болуп «Жетимдердин укуктарын коргоо» боюнча кайрымдуулук фонду чыкты. Балдарга жардам бергендигибиз үчүн биз чын жүрөктөн кубанычтабыз!


















