Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Россиялык банктарга карата эл аралык экономикалык санкциялардагы өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү

13.04.2022

Урматтуу кардарлар!

Россиялык банктарга карата эл аралык экономикалык санкциялардагы өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлайбыз.

Учурдагы жылдын 6-апрелинде АКШнын бийлиги Россиянын банк секторуна каршы санкцияларын кеңейткен. SDN (specially designated nationals) тизмесине өлкөнүн эң ири банкы – «Сбербанк России» КАКы жана эң ири менчик банк – Альфа-Банк кирген, аларга карата бөгөт коюучу санкциялар киргизилген: «Сбербанк России» КАКына карата – 13.04.2022-ж., Альфа-Банкка карата – 06.05.2022-ж. тартып. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Сбербанкка карата Улуу Британиянын жана Канаданын санкциялары аракетте.

Жогоруда көрсөтүлгөн санкциялар санкцияланган (жогоруда белгиленген) банктардын жана алардын туунду уюмдарынын катышуусу менен корреспонденттик мамилелерге жана чек ара аралык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынганын билдирет.

Банк, өз кезегинде, санкциялык режимди аткарбагандыгы үчүн кардарлардын жана түздөн-түз Банктын каражаттарын тоңдуруунун жана бөгөттөөнүн тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу, Россиянын санкцияланган банктарынын катышуусу менен SWIFT системасы боюнча кандай болбосун валютада чек ара аралык төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзбөйт.

Ошондой эле санкцияланган банктардын карталарын чет өлкөдө жана чет өлкөлүк сайттарда төлөө үчүн колдонуу техникалык жактан ишке ашыруу мүмкүн эместигин эскертебиз.

Банк Сизге үчүнчү жактар менен эсептешүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүнү пландаштырууда белгиленген эл аралык экономикалык санкцияларды эске алууну жана банк-корреспонденттердин реквизиттерин күн мурунтан өзгөртүүнү сунуштайт.

Санкцияланган жактардын жана банктардын тизмелери күн сайын өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин белгилейбиз, актуалдуу маалыматтар менен Сиздер шилтеме боюнча тааныша аласыздар: https://home.treasury.gov/policy-issues/office-of-foreign-assets-control-sanctions-programs-and-information.

Суроолор пайда болгон учурда Байланыш-борбордун адистерине тѳмѳнкү телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот:

8008

+996 312 988 330

+996 990 98 83 30 (Whatsapp)

Сизди урматтоо жана Сизге кам көрүү менен,

«Халык Банк Кыргызстан» ААК