Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Россиянын «Транскапиталбанк» КАКы жана «Инвестторгбанк» АКБы банктарына карата эл аралык экономикалык санкциялардагы жаңы өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү

25.04.2022

Урматтуу кардарлар!

Россиянын банктарына карата эл аралык экономикалык санкциялардагы жаңы өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлайбыз.

Эл аралык экономикалык санкцияларды айланып өтүү аракеттерине байланыштуу 2022-жылдын 20-апрелинде «Транскапиталбанк» ААКсы жана анын туунду банкы «Инвестторгбанк» АКБсы АКШнын санкциялык (OFAC SDN) тизмесине киргизилген. АКШнын «Транскапиталбанк» ААКсына жана «Инвестторгбанк» АКБсына карата киргизилген бөгөт коюучу санкциялары корреспонденттик мамилелерге жана алардын катышуусу менен чек ара аралык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынганын билдирет. Санкциялар 2022-жылдын 20-майында күчүнө кирет.

Банк, өз кезегинде, санкциялык режимди аткарбагандыгы үчүн кардарлардын жана түздөн-түз Банктын каражаттарын тоңдуруунун жана бөгөттөөнүн тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу санкцияланган «Транскапиталбанк» ААКсынын жана анын туунду банкы «Инвестторгбанк» АКБсынын катышуусу менен SWIFT системасы боюнча кандай болбосун валютада чек ара аралык төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзбөйт.

Ошондой эле, 2022-жылдын 20-майынан тартып жогоруда көрсөтүлгөн санкцияланган банктардын карталарын чет өлкөдө жана чет өлкөлүк сайттарда төлөө үчүн колдонуу техникалык жактан мүмкүн болбой тургандыгын эскертебиз.

Банк Сизге үчүнчү жактар менен эсептешүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүнү пландаштырууда белгиленген эл аралык экономикалык санкцияларды эске алууну жана банк-корреспонденттердин реквизиттерин күн мурунтан өзгөртүүнү сунуштайт.

Санкциялык жактардын жана банктардын тизмелери күн сайын өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин белгилейбиз, актуалдуу маалыматтар менен бул жерден тааныша аласыздар.

Суроолор пайда болгон учурда Байланыш-борбордун адистерине төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот:

8008

+996 312 988 330

+996 990 98 83 30 (Whatsapp)

Сизди урматтоо жана Сизге кам көрүү менен,

«Халык Банк Кыргызстан» ААК