Өз процессингдик борборунун ишке киргизилишине байланыштуу, «Халык Банк Кыргызстан» ААК техникалык жумуштарды жүргүзүүнү пландаштырды.
2024-жылдын 22-апрелинде саат 23:30да кийинки өнүмдөр менен кызматтар убактылуу жеткиликсиз болот:
- VISA төлөм карталарын чыгаруу:
- Банктын кеңселери менен түзүлүштөрдө VISA карталарын толуктоо ( төлөм терминалдары жана АДМ);
- Өнөктөштөр аркылуу VISA карталарын толуктоо (КР банктары жана агенттери (PAY24, ОНОЙ, UNIPAY, О!Деньги, ЭлкартМобайл, MEGAPAY ж.б.));
- «Korona» тиркемеси аркылуу VISA карталарын толуктоо («Золотая Корона»);
- Банктын банкоматтары менен кассаларынан акча каражаттарын накталай алуу;
- Pos-терминалдар аркылуу төлөө жана интернет-эквайринг (e-commerce);
- VISA карталары боюнча маалыматкаттар;
- VISA карталарын колдонуу аркылуу «Halyk» мобилдик тиркемесинде төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн жана акча которууларды жүргүзүү;
- VISA direct акча которуулары;
- Салуулардын дистанттык каналдары аркылуу (МИБ) «Элдик» насыялоо программасы боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана насыяларды берүү;
- Сатуулардын дистанттык каналдары (МИБ) аркылуу карталык эсептердин онлайн депозиттерди ачуу;
- Карталык эсептерден депозиттерди толуктоо;
- Карталык эсептеги акча каражаттарын «Элдик» насыялоо программасы боюнча насыяны төгүү үчүн эсепке которуу;
«Халык Банк Кыргызстан» ААК өз операцияларыңызды (төлөмдөр, акча которуулар, коммуналдык кызматтарга төлөмдөр) жүргүзүүнү алдын ала пландап алууну сунуштайт.
Суроо пайда болгон учурда 8008 номери аркылуу Контакт-борборго кайрылууну суранабыз.
Биз тейлөө менен банктык сервистердин сапатын жакшыртуунун үстүндө иштөөдөбүз. Алдын ала боло турган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
*Банк өз чечими менен сервистердин тизмеси, техникалык жумуштардын сааты жана күнү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.