Эквайринг
Эквайринг (англ. аcquire – сатып алуу) – накталай эмес эсептешүү боюнча банк кызматы. Тактап айтканда, кардар кызмат же товар үчүн накталай каражаттарды чыгарып отурбастан, терминал аркылуу, банк картасынын жардамы менен төлөй алат.
Эквайрингдин өзгөчөлүктөрү эмнеде?
1. Кеңири колдонулушу. Сатуунун жана кызматтын дээрлик бардык объектилери банк менен бул кызмат боюнча келишим түзө алат. Ушул себептүү ал соода түйүндөрүнүн көбүндө колдонулат;
2. Сатуучуда кайрып берүүнү эсептөө зарылдыгы жаралбайт. Терминал товар үчүн белгиленген сумманы картадан өзү алып коёт.
3. Тобокелдиктин азайышы. Дүкөндүн кассасына жасалма акча купюралары түшпөйт;
4. Үнөмдөө. Инкассацияга финансылык чыгымдардын азайышы;
5. Пайда. Товарлар же кызматтар үчүн төлөөдө СС салыгы кошулбайт;
6. Ыңгайлуулук. Сатып алуучу накталай акчаларын уурдатып алам деп тынчсызданбайт;
7. Жагымдуу мүмкүнчүлүк. Кардар товарды банк тарабынан берилген карта боюнча кредитке ала алат.
Биз сиздин ишканаңыз үчүн эмнелерди сунуштай алабыз?
- Тейлөөнүн пайдалуу шарттары, эң кыска мөөнөттөрдүн ичинде акча каражаттарынын ордун толтуруу*;
- улуттук Элкарт карталары боюнча операцияны автоматташтырылган токтотуу операциясы (кардар жана Ишкана Банкка кайрылбастан);
- персоналды төлөм карталарын колдонуу менен операцияларды ишке ашыруу эрежелерине акысыз окутуу;
- төлөм карталарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS терминалды акысыз орнотуу;
- жарнама, маалымат жана чыгымдоо материалдары менен акысыз камсыз кылуу;
- Ишкана жөнүндө маалыматтарды Банктын, ЖМКлардын ресурстарына ж.б. акысыз жайгаштыруу;
- техникалык колдоо.
*Акча каражаттарынын ордун толтуруунун мөөнөтү жана комиссиялардын өлчөмү ар бир Ишкана үчүн жекече белгиленет.
Эмне үчүн Ишканаңызга POS-терминал орнотуу зарыл?
- КРда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан накталай эмес төлөмдөрдүн активдүү өнүктүрүлүшү жана колдоого алынышы;
- өлкөнүн бюджетинен айлык акыларды, пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөмдөрдү төлөм карталарына төлөп берүү;
- аянты 50 кв.метрден жогору болгон соода-сервистик ишканаларда POS терминалдын милдеттүү түрдө болушу;
- алкоголдук продукцияларды саткан соода-сервистик ишканаларда POS терминалдын милдеттүү түрдө болушу;
- товарлар же кызматтар үчүн накталай эмес төлөөдө СС салыгынын алып салынышы.
Керектүү документтердин тизмеси:
Юридикалык жактар үчүн:
Эсептешүү эсебин ачуу зарыл
КР ИИМден соттолбогондугу тууралуу маалымкат (түзүүчүлөрдүн, жетекчилердин, башкы бухгалтердин)-кошумча
Банк эсебинин реквизиттери
Юридикалык жак түзбөстөн (ЖИ):
• Эсептешүү эсебин ачуу зарыл
КР ИИМден соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат (кошумча)
• Банк эсебинин реквизиттери;
Жолугушуу өткөрүүгө жана ишканаңызга POS-терминал орнотууга байланыштуу маселелер боюнча биздин филиалдардагы кызматкерлерибизге кайрыла аласыздар: http://halykbank.kg/branches_atm/branch