Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

Телефон шылуундарынан сак болуңуз!

26.06.2024

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр! 

 «Халык Банк Кыргызстан» ААК банк карталарынын маалыматтарын жана жеке маалыматтарын алуу үчүн телефон чалуулары аркылуу алдамчылыктын ар кандай шаймандарын колдонгон кара ниеттиктин активдүүлүгүнүн өскөндүгүн билдирет. 

 Ушуга байланыштуу Банк этият болууну, уюлдук телефонуңузга келген шектүү билдирүүлөрдү жана каттарды этибарга албоону сунуштайт. 

Коопсуздук эрежелерине сиздин көңүлүңүздү бурабыз:

  • банк кызматкерлери эч качан сырсөздөрдү же башка жеке купуя маалыматтарды сурашпайт;
  • СМС-кабарлоо аркылуу келген коддорду эч кимге эч качан жибербегиле, аларды шылуундар гана сурайт;
  • купуя маалыматты ачыкка чыгарбаңыз (PIN-коддор, сырсөздөр, CVV жана башкалар);
  • расмий каналдар аркылуу банк менен түздөн-түз байланышып, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн аныктыгын текшериңиз;
  • шектүү интернет шилтемелер боюнча өтпөңүз жана жеке маалыматтарыңызды киргизбеңиз;
  • бейтааныш адамдар менен сүйлөшүп жатканда телефонуңуздагы видео-трансляцияны туташтырбаңыз;
  • коомдук жайларда банк карталарын колдонууда этият болуңуз;
  • эсептериңиздин абалын жана банктын билдирүүлөрүн көзөмөлгө алып туруңуз, колдонмонун ырастамаларында билдирмелер жана пуш-кабарлоого уруксат берилгендигин текшериңиз.


Шектүү билдирүүлөр же чалуулар келип түшкөн учурда, сураныч  «Халык Банк Кыргызстан» ААК бардык бөлүмдөрүнө же 8008 номери боюнча кайрылгыла (чалуу акысыз).

Алдамчылардан коргоо боюнча кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот.

Банк сиздин маалыматтардын корголушуна жана акча каражаттарынын сакталышына кепилдик берет, бирок алардын коопсуздугу баарынан мурда өзүңүздөн көз каранды!

Телефондук алдамчылыктан коргоо боюнча Улуттук банктын сунуштары.pdf