Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК жаңы кызматты ишке киргизди – Google Pay тиркемесинде онлайн төлөмдөр!

07.11.2022

     «Халык Банк Кыргызстан» ААК Visa санарип төлөмдөр индустриясынын дүйнөлүк лидеринин колдоосу менен Google Pay аттуу жаңы төлөм технологиясын ишке киргизүүдө.

      Visa Token Service технологиясынын жардамы менен «Халык Банк Кыргызстан» банкынын Visa картасын кармоочулар картанын же эсептин маалыматтарын ачыкка чыгарбастан төлөм жүргүзө алышат. Сервис кардарлардын купуя маалыматтарын уникалдуу санарип идентификаторго – токенге алмаштыруу аркылуу коргойт. Токендер керектөөчүнүн 16 маанидеги картасынын номери жана CVV-код сыяктуу төлөм эсебинин реквизиттерин камтыбагандыктан, алар интернет-дүкөндөрдө же мобилдик түзүлүштөрдө коопсуз сактала берет. Бул электрондук коммерцияны жана соода-сервистик ишканалардагы төлөмдөрдү эң биринчи картанын (токендин) кармоочусу үчүн, ошондой эле төлөмдүк экотутумдун бардык катышуучулары үчүн коопсузураак кылат. Кызмат Near Field Communication (NFC) технологиясы менен Android тутумунун базасындагы смартфондордун ээлерине жеткиликтүү.

        NFC – бул түзүлүштөрдүн ортосунда чакан аракет радиусундагы маалыматтарды зымсыз өткөрүү. Эми Банктын картасынын кармоочулары Google Pay тиркемесинен онлайн төлөмдөр кызматын пайдалана алышат.

       Google Pay аркылуу төлөө жүргүзүү үчүн смартфонду төлөм терминалына жакындатуу гана керек.

       Картаны кантип кошуу керек?

1. Play Market`тен Google Wallet тиркемесин жүктөңүз

2. «Төлөм» бөлүмүн, андан кийин «Төлөө ыкмаларын» тандаңыз

3. Картаңыздын маалыматтарын киргизиңиз жана «Колдонуу шарттарын» кабыл алыңыз

4. Картаңыздын кошулганын тастыктаңыз. Даяр!

     Google Pay тутуму «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Visa карталары менен онлайн төлөмдөрдү кабыл алган бардык терминалда бир аракет менен сатып алууларды төлөөгө мүмкүндүк берет. Интернетке туташпастан эле төлөөлөрдү жүргүзүңүз!

    Учурда Google Pay тиркемеси дүйнөнүн 44 өлкөсүндө жеткиликтүү.