Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

"Халык Банк Кыргызстан" 10 жаштан 16 жашка чейинки өзгөчө балдарга тыш кийим тартуулады

17.02.2024
2024-жылдын 17-февралында жыл сайын өткөрүлүүчү "Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү" аттуу XV кайрымдуулук фестивалы болуп өттү.

Фестивалдын алкагында "Халык Банк Кыргызстан" "Максат" РБ, "Элистан" балалык борбору, "Жаңыртуу","Рука в Руке" КБ сыяктуу мекемелерде тарбияланып жаткан 10 жаштан 16 жашка чейинки өзгөчө балдарга тапшыруу үчүн тыш кийим тартуулады.

Биз мындай маанилүү окуяны кубануу менен колдойбуз жана мындай иш-чараларга катышуу биздин социалдык жоопкерчилигибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Фестивалды өткөрүүнүн максаты Кыргызстандын кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын жарандарын сергек жашоого тартуу, ошондой эле таза абада иш-чараларды уюштуруу аркылуу калктын аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Иш-чараны бизнес- ассоциациялар менен бирге КР Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаменти уюштурду.