Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Золотая Корона» акча которуулар системасына байланыштуу алдамчылык аракеттер тууралуу эскертет

16.04.2024

Урматтуу кардарлар!

«Халык Банк Кыргызстан» ААК  «Золотая Корона» акча которуулар системасына байланыштуу көбөйүп жаткан алдамчылык аракеттер тууралуу эскертет.

Алдамчылардан акча каражаттарын коргоо үчүн коопсуздуктун бир катар жөнөкөй чараларын карманыңыз:

  • Акча которууларды жүргүзгөндө анын маалыматтарын (акча которуунун номери менен бирге бираз жана толук маалыматтарды) үчүнчү жактарга айтпаңыз;
  •  SMS аркылуу келген шилтемеге өтпөңүз. Эгер сиз акча которуп жаткан болсоңуз, «Золотая Корона» сервисинин koronapay.com сайтында турганыңызды так текшерип алыңыз;
  • Картанын маалыматтарын билдирбеңиз жана аяктай элек аракеттерди (акча которууну, насыяны тариздөөнү, картага кошулган телефон номерин алмаштырууну ж.б.) тастыктабаңыз.


Эске салсак, Банктын кызматкерлери жеке маалыматтарды атоону, жөнөтүүнү же берүүнү талап кылышпайт, СМС аркылуу келген сырсөздөрдү жана коддорду сурашпайт. 

Көңүл буруп, сак болуңуздар!