Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

"Халык Банк Кыргызстан" ААК Visor эл аралык инвестициялык топко кошулду

18.04.2024

«Халык Банк Кыргызстан» ААК  эми Visor International DMCС эл аралык инвестициялык топтун мүчөсү болуп калды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан макулдашылган бүтүм 2024-жылдын 18-апрелинде аягына чыкты. 

Жаңы ээсинин башкаруусунда Банк ыңгайлуу, технологиялык жана коопсуз өнүмдөрдү сунуштоо менен жеке жактарга дагы, бизнеске дагы инновациялык каржылык чечимдерди сунуштайт. 

«Халык Банк Кыргызстан» Кыргыз Республикасында 20 жылдан бери өзүнүн бекем жана туруктуу ордун сактап келет. 

Банктын Visor эл аралык инвестициялык топко кошулушу өнүгүүнүн жана санариптик трансформациянын жаңы этабы болмокчу.

Банктын акыркы жылдардагы жетишкендиктери: 

  • Global Finance журналынын версиясы боюнча 2024-жылдын мартында Кыргызстандын мыкты банкы болуп таанылды.
  • Бизнес үчүн интернет-банкинги 2023-жылы SME Banking Agency агенттигинин версиясы боюнча мыкты үчилтикке кошулса, Halyk мобилдик тиркемеси 2022-жылы Global Banking and Finance Review версиясы боюнча Кыргызстанда эң инновациялык тиркеме болуп таанылды.
  • Экология, социалдык жоопкерчилик жана башкаруу тармагында прогрессивдүү тажрыйбалары менен Туруктуу өнүгүү саясатын (ESG) биринчилерден болуп киргизди.


Visor International DMCC жөнүндө 

Visor International DMCC Борбордук Азия аймагында жана анын чегинен тышкаркы өлкөлөрдө телекоммуникация, финтех, кайра жаныма электр булактары жана соода тармагы менен бирге ар түрлүү тармактарга инвестиция кылат. Башка инвестицияларынын ичинде Кыргызстандагы ири байланыш оператору – О! Мобилдик оператору менен маанилүү О!Деньги төлөм системасына ээ. 

Долбоорлордун көп жылдык ийгиликтүү ишке ашырылышы Банктын туруктуу жана инновациялык келечегин бекемдейт. Банк болсо, өз кардарларына инновациялык технологиялык сервистерди киргизүү менен салттуу банктык кызматтарын көрсөтүүсүн уланта бермекчи.


КР УБ лицензиясы: №044. 22.06.2017