Урматтуу кардарлар!
«Халык Банк Кыргызстан» ААК жеке жактар үчүн чет өлкөлүк валютада «Элдик – топтомо», «Элдик - төлөмдөр менен» жана улуттук валютада «Элдик – пенсиялык» депозиттери боюнча 2024-жылдын 11-июлуна карата бир күндүк акция жарыялайт.
«Элдик - төлөмдөр менен» депозитинин шарттары:
- Депозиттин мөөнөтү - 12 ай;
- Пайыздык чени - жылдык 4%;
- Аманаттын суммасы - 25 000 АКШ долларынан башталат.
«Элдик - топтомо» депозитинин шарттары:
- Депозиттин мөөнөтү - 12 ай;
- Пайыздык чени - жылдык 4%;
- Аманаттын суммасы - 25 000 АКШ долларынан башталат.
«Элдик - пенсиялык» депозитинин шарттары:
- Депозиттин мөөнөтү - 18 ай;
- Пайыздык чени - жылдык 14%;
- Аманаттын суммасы - КР 13 500 000 сомунан баштап.
Сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн банктын Байланыш борбору күнү-түнү 8008 кыска номери боюнча жеткиликтүү (чалуу акысыз).
«Халык Банк Кыргызстан» ААК өзүнүн кардарларына акча каражаттарынын ишенимдүүлүгүн жана сакталышын кепилдейт, анткени ал Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат.