Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

«Халык Банк Кыргызстан» O!Bank болуп аталышын өзгөртөт

13.08.2024

12 августта «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын акционерлери тарабынан банктын аталышын O!Bank кылып өзгөртүү тууралуу чечими кабыл алынды. 

Ошентип, O!Bank  кыргызстандыктарга бүгүн эле көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү – мобилдик жана кадимки байланыш кызматтарына кошулуу жана башкаруудан баштап смартфон аркылуу ыңгайлуу төлөмдөр жана финансылык сервистерге чейин тартуулап жаткан «Мой О!» супер тиркемеси менен O! экосистемасынын ажырагыс бөлүгү болуп калат. 

O!Bank ишинде көңүлүн жеке жактарга жана ишкерлерге инновациялык, ыңгайлуу жана жеткиликтүү продукттарды жана кызматтарды көрсөтүүгө топтойт.  

«Халык Банк Кыргызстан» бренди 20 жыл бою Кыргызстандын рыногунун ишенимдүү катышуучусу болуп келгенин белгилей кетүү керек. 

O!Bank эки өлкөнүн ортосундагы бизнести өнүктүрүүнү колдоо менен «Народный банк Казахстана» менен бекем өнөктөштүк мамилелерин сактап калууну ниет кылат. 

Банктын аталышын өзгөртүү процессии Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында жана КРУБда тиешелүү жол-жоболордон өткөндөн кийин аяктайт.  


№044 КРУБ Лицензиясы 22.06.2017 ж.