Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

SWIFT системасы аркылуу өз өнөктөштөрдүн, контрагенттердин пайдасына Евро менен төлөөлөрдү жана акча которууларды жүргүзүүдө жаңы өзгөртүүлөр

13.09.2023


Урматтуу кардарлар!

«Халык Банк Кыргызстан» ААК SWIFT системасы аркылуу өз өнөктөштөр жана контрагенттерине Евро менен төлөөлөрдү жана акча которууларды жүргүзгөн учурда жаңы өзгөртүүлөр болгондугу жөнүндө маалымдайт. LANDESBANK BADEN-WÜRTTEMBERG (Германия) респондент банкы «Халык Банк Кыргызстан» ААКка 2023-жылдын 20-сентябрынан баштап Банктын кардарларынын Евро менен төлөөлөрүн/акча которууларын Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө, Улуу Британияга жана Швейцарияга гана ишке ашыра тургандыгын, ошондой эле башка мамлекеттердин пайдасына Евро менен төлөөлөр жана акча которууларды аткарууну токтотуп жаткандыгын билдирди.

Европа биримдигине 27 мамлекет кирет: Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланды, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция и Эстония.

Банк SWIFT системасы аркылуу үчүнчү жактар менен эсептешүү менен операцияларды жүргүзүүнү пландаштырууда LANDESBANK BADEN-WÜRTTEMBERG респондент банкынын талаптарын эске алууну жана өз өнөктөшүңүздү/алуучуларыңызды/төлөөлөрдү /акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү алдын-алуу эскертип коюңузду сунуштайт.

Кандайдыр бир суроо пайда болгон учурда Сиз 8008 (чалуу акысыз) кыска номери аркылуу 24/7 режиминде контакт-борборго кайрылсаңыз болот.

Урматтоо менен,
«Халык Банк Кыргызстан» ААК