Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Кыргызстандагы туунду мекемесинин 100% акцияларын сатуу боюнча макулдашууга жетишүү

09.11.2023

"Казакстандын Элдик Банкы" АК Visor Holding International DMCC (“Visor”) инвестициялык топтун курамына кирген кардарлардын консорциуму менен "Халык Банк Кыргызстан" ААКтын 100% акцияларын сатуу боюнча макулдашууга жетишилгендиги тууралуу маалымдайт. Бүтүмдү аяктоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу алынгандан кийин пландаштырылган.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК кардарларынын каражаттарын сактоо жана өз милдеттерин аткаруу менен учурдагы жана потенциалдык кардарларды тиешелүү деңгээлде тейлөөнү ишке ашырып жатат.
Visor тобу Банкты өзүнчө юридикалык жак катары сактоону жана анын Кыргыз Республикасынын аймагында өнүктүрүүнү улантууну пландаштырууда.

***
«Казакстандын Элдик Банкы» АК – чекене, ЧОБ жана корпоративдик банктык кызматттарды, камсыздандырууну, лизингди, брокердик кызматтарды жана активдерди башкарууну кошуу менен бирге ар түрдүү сегменттерле операцияларды жүргүзгөн Казакстандын алдыңкы каржылык тобу. Банк 1998-жылдан баштап Казакстан Фондулук биржасында, 2006-жылдан баштап Лондон Фондулук биржасында жана 2019-жылдын октябрь айынан баштап Astana International Exchange`де листингге ээ. 2023-жылдын 30-июнунда мекеме болуп саналат. Банк кардарлардын ири базасына жана филиалдык тармакка ээ – өлкө боюнча 570 филиалдары менен бөлүмдөрү бар. Банк Грузияда, Кыргызстанда жана Өзбексстанда иш алып барат.

Visor тобу – Борбор Азия өлкөлөрүндө жана эл аралык деңгээлде телекоммуникациялык, соода, фармацевтикалык, энергетикалык, каржылык жана башка тармактардагы инвестициялар менен иштеген эл аралык инвестициялык топ.