VISA BUSINESS – өкүлчүлүк чыгымдар үчүн корпоративдик карталар
Корпоративдик карта – бул компаниянын кызматкерлерине компаниянын карталык эсебинен күнү-түнү төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бериле турган төлөм инструменти. Visa Business картасы менен дүйнөнүн бардык бурчунан ишке ашырса болот.
Корпоративдик карта – бул компаниянын кызматкерлерине компаниянын карталык эсебинен күнү-түнү төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген төлөм инструменти. Visa Business картасы менен төлөмдү дүйнөнүн бардык бурчунан ишке ашырса болот.
Корпоративдик картанын артыкчылыктары:
• Чыгымдардын контролун ишке ашыруу жана карта боюнча бардык операциялардын максималдуу ачык-айкындыгына жетишүү;
• онлайн режимде каражаттардын чыгымдарын жана «Мобилдик банкинг» кызматына кошулуу аркылуу алардын максаттуу колдонулушун контролдоо;
• Соода жана сервис ишканаларында товарлар менен кызматтарды төлөө;
• ЮЖ жана ЖЖ үчүн банкоматтар аркылуу жана банктын бөлүмдөрүндө накталай акча каражатын алуу.
Контроль:
• Карталык эсеп боюнча ар айда көчүрмө алуу;
• Ар бир кызматкерге өзүнчө чыгымдык лимит коюу мүмкүнчүлүгү;
• Кардарлар тарабынан карталык эсепти колдонуу мезгилине карата операциялардын түрлөрүн белгилөө мүмкүнчүлүгү.
• Корпоративдик картаны жоготкондо же уурдатканда телефон аркылуу бөгөттөө мүмкүнчүлүгү.