Онлайн «Моменталдык насыя»
Получить кредит стало в два раза легче с новой услугой «Моментальный кредит» от Халык Банк Кыргызстан. Вам не нужно посещать офис Банка, ведь вся процедура оформления происходит онлайн.
Халык Банк Кыргызстандын жаңы «Моменталдык насыя» кызматы менен насыя алуу эки эсеге жеңил болуп калды. Сизге Банктын кеңсесине баруунун кажети жок, анткени тариздөөнүн бардык жол-жоболору онлайн жүрөт.
«Моменталдык насыя» 1 айдан 1 жылдык мөөнөткө (эгерде сумма 5000 сомдон аз болсо, насыялоонун мөөнөтү 3 айдан аз каралат) 1000 сомдон 30 000 сомго чейин (акыркы сумма эки транзакция менен берилет) берилет.
Бул насыяны алуу үчүн Halyk тиркемесин жүктөп, видеоидентификациядан өтүп (тиркемеде «Аты менен+» статусун тандоо маанилүү), "Насыя" бөлүмүн тандап, «Моменталдык кредит» баскычын басып, керектүү маалыматтарды толтурушуңуз керек.
Андан кийин СМСтеги коддун жардамы менен кол коюу үчүн СМС-билдирүү жөнөтүлөт жана «Кол коюу» баскычын басуу керек. Текшерүү ийгиликтүү бүткөндөн кийин өтүнмө «Насыя алуу» статусуна ээ болот, ошондой эле өтүнмөнүн аралыктык статусу жөнүндө маалымат камтыган билдирүү жөнөтүлөт.
Эгерде өтүнмө бардык кошумча текшерүүлөрдөн өтсө, анда ал «Берилди» статусуна ээ болот да, каражаттар эсепке которулуп, насыя ачылат. Жүктөп алуу үчүн документтерге шилтеме берилүү менен насыянын ийгиликтүү ачылышы жөнүндө дагы СМС билдирүү келет.
Суроолор пайда болгон учурда 8008 кыска номери аркылуу каалаган учурда кайрылсаңыз болот (чалуу акысыз).