«Халык» мобилдик тиркемеси
«Халык» мобилдик тиркемеси – бул «Халык Банк Кыргызстан» ААК (мындан ары - Банк) тарабынан Банктын карталарынын ээлерине мобилдик байланыш аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын комплекси.
Android үчүн жүктөп алууТиркемени колдонуу менен Сиз:
• картадагы жеткиликтүү акча каражаттардын суммасы жөнүндө, ошондой эле картадагы бөгөттөлгөн каражаттардын суммасы жөнүндө маалымат ала аласыз;
• картанын деталдарын жана параметрлерин ала аласыз;
• картаны башка картадан же эсептен толуктай аласыз;
• карта боюнча тарыхты (көчүрмө, төлөмдөр жана которуулар) карап көрө аласыз;
• картанын реквизиттерин көчүрүп ала аласыз;
• мобилдик тиркемеде көрүнүш ыңгайлуу болушу үчүн картанын атын өзгөртө аласыз;
• «интернет-төлөмдөр» функцияларын башкара аласыз;
• карта жоголгон же уурдалган учурда, картага бөгөт коё аласыз.
Ошондой эле Сизде Visa Gold жана Элкарт виртуалдык карталарын онлайн режимде тапшырык кылууга жана алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк бар.
«Halyk» мобилдик интернет-банкинг кызматын көрсөтүүнүн шарттары:
1. Кардар мобилдик тиркемеге киргенде «Halyk» МИБинин колдонуучусу катары катталат. Катталуу үчүн логин колдонулат, ал идентификатор болуп саналат жана Кардардын Ишенимдүү номерин жана уруксатсыз кандайдыр бир үчүнчү жактардын кирүүсүнөн коргоо максатында белгилүү цифралардын, белгилердин топтомунан турган паролду көрсөтөт/түшүндүрөт.
2. «Halyk» МИБинде айрым операцияларды жүргүзүү үчүн кошумча паролду/кодду киргизүү зарыл болушу мүмкүн, ал Кардардын Ишенимдүү номерине SMS-билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
3. Кардар катталганда/ авторизацияланганда (айрым учурларда ал кийинчерээк талап кылынышы мүмкүн), ал талаптагыдай идентификациялануу максатында «Halyk» МИБдин тиешелүү талаасында көрсөткөн маалыматты бериши керек. Кардар, берилген маалыматтар туура/ишенимдүү/актуалдуу жана толук экендигин тастыктайт, ошол эле учурда Кардар тиешелүү маалыматтарды берүү аркылуу мындай маалыматтардын актуалдуулугун /ишенимдүүлүгүн туруктуу түрдө камсыздоого милдеттенет.
4. Кардар мындай маалыматтарды атайылап/байкабай үчүнчү жактарга бербестен «Halyk» МИБин, паролдорду жана логиндерди өз алдынча/жеке колдонууга кепилдик берет/милдеттенет. Кардар жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын, анын ичинде үчүнчү жактарга белгилүү болуп калган жана/же жеке маалыматтардын ар кандай жоготуулары жана/же туура эмес пайдаланылганы үчүн жана/же атайылап/шалаакылыктын кесепетинен болгон ар кандай чыгашалар үчүн жана/же Кардар мындай маалыматтардын ачыкка чыкканы жөнүндө Банкка өз убагында кабарлабаган учурда жоопкерчилик тартат.
«Halyk» мобилдик интернет-банкинг системасына кошулуу жөнүндө келишиминин толук версиясы менен Сиз ушул жерден тааныша аласыз.
Аралыктан фото жана видео аркылуу идентификациялоонун шарттары жана талаптары менен бул жерден тааныша аласыз.