Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

SWIFT системасы аркылуу өнөктөштөрдүн жана контрагенттердин пайдасына Евро менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдөгү жаңы өзгөрүүлөр

09.09.2023

Урматтуу кардарлар!

«Халык Банк Кыргызстан» ААКсы SWIFT системасы аркылуу өз өнөктөштөрүнүн жана контрагенттеринин пайдасына Евро менен төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашыруудагы жаңы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.

LANDESBANK BADEN-WÜRTTEMBERG (Германия) банк-корреспонденти «Халык Банк Кыргызстан» ААКсына 2023-жылдын 20-сентябрынан тартып Банктын кардарларынын Евро төлөмдөрүн/которууларын Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө, Улуу Британияга жана Швейцарияга гана жүргүзө тургандыгын жана башка өлкөлөрдүн компанияларынын жана жеке жактарынын пайдасына Евро менен төлөмдөрдү жана которууларды аткарууну аяктай тургандыгын билдирди.

Европа Биримдигине 27 мамлекет кирет: Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланддар, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция жана Эстония.

Банк, SWIFT системасы аркылуу үчүнчү жактар менен эсептешүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүнү пландаштырууда LANDESBANK BADEN-WÜRTTEMBERG банк-корреспондентинин талаптарын эске алууну жана өз өнөктөштөрүн/төлөмдөрдү/которууларды алуучуларды/жөнөтүүчүлөрдү алдын ала эскертүүнү сунуштайт.

Суроолор пайда болгон учурда, Сиз 24/7 Байланыш-борборуна 8008 кыска номери боюнча кайрылсаңыз болот (чалуу акысыз).

Урматтоо менен,

«Халык Банк Кыргызстан» ААК