Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

24-марттан тартып «Western Union» акча которуулар системасы Россия менен Беларуста ишин токтотот

22.03.2022

Урматтуу кардарлар!

24-марттан тартып «Western Union» акча которуулар системасы Россия менен Беларуста ишин токтотот.

2022-жылдын 24-мартына чейин Россиядан жана Беларустан «Western Union» системасы аркылуу жөнөтүлгөн бардык чек ара аралык которуулар алуучуларга төлөнүп берилет. Ошол эле учурда, Россия менен Беларусту кошпогондо, Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы бардык которуулар кадимки тартипте ишке ашырыла берет.

10-марттан тартып Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системалары Россия Федерациясындагы ишин белгисиз мөөнөткө токтотушту.

Halyk Bank банкынын карталары  Visa жана MasterCard төлөм системалары менен дүйнө жүзү боюнча, Россиянын аймагынан тышкары, чектөөсүз штаттык режимде иштеп жатат.

Эгерде Сиз Россия Федерациясынын аймагына бара турган болсоңуз, Visa жана MasterCard төлөм системаларынын карталарынан акча каражаттарын алып алууну сунуштайбыз. Чектөөлөр ошондой эле Halyk Bank картасынан Россиянын банктарынын Visa жана MasterCard карталарына которууларына таасирин тийгизет.

Эске сала кетсек, кабыл алынган эл аралык санкцияларга, бир катар россиялык банктардын SWIFT төлөм системасынан өчүрүлүшүнө байланыштуу «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы бир катар россиялык банктардын катышуусу менен кандай валюта менен болбосун төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзбөйт – «Банк ФК Открытие» КАКы, «Банк ВТБ» КАКы, «Совкомбанк» КАКы, «Промсвязьбанк» КАКы, «Новикомбанк» АКБ АКы, «АБ Россия» АКы, «Генбанк» АКы, «Черноморский банк развития» КБ ЖЧКсы.

Ошондой эле АКШ тарабынан «Сбербанк России» ААКсынын жана анын 25 туунду уюмунун корреспонденттик эсептерин АКШ долларында ачууга жана тейлөөгө тыюу салынгандыгына байланыштуу, «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы «Сбербанк России» ААКсынын жана анын туунду уюмдарынын катышуусу менен АКШ долларында төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзбөйт.

Сизге эсептешүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүнү пландаштырууда белгиленген эл аралык экономикалык санкцияларды эске алууну жана банк-корреспонденттердин реквизиттерин алдын ала өзгөртүүнү сунуштайбыз.

Санкцияланган жактардын жана банктардын тизмелери күн сайын өзгөрүп турушу мүмкүн, актуалдуу маалыматтар менен бул жерден тааныша аласыздар.

Суроолор пайда болгон учурда Байланыш-борбордун адистерине тѳмѳнкү телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот:

8008

+996 312 988 330

+996 990 98 83 30 (Whatsapp)