Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Алия Чыныбаева: Чек арасыз санарип сервистери экономиканын түрдүү тармактарын бириктирет

28.02.2024
«Халык Банк Кыргызстан» ААК командасы 2024-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында өткөн II эл аралык «Digital Kyrgyzstan» ПЛАС-форумуна катышты.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы Алия Чыныбаева "Чек арасыз санарип сервистер" панелдик сессиясынын модератору болду.

Кыргызстандан, Өзбекстандан, Россиядан келген баяндамачылар өз презентацияларын сунуп, каржылык тармакты санариптештирүү, мамлекеттик мекемелердин ишмердигинин жана экономиканын башка тармактарынын актуалдуу маселелерин көтөрүштү.

Алия Чыныбаева чек арасыз санарип сервистер экономиканын ар кыл тармактарын бириктирерин жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү компаниялардын байланыштарын бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.

«Бардык тармактарды санариптештирүү деңгээли жеткиликтүү жогору деңгээлде.Каржылык секторду ала турган болсок, сессиянын катышуучусу "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын ролу өзгөчө белгиленген. Былтыркы жылы негизги долбоор санарип документтер болсо, быйыл - авто жана кыймылсыз мүлктү онлайн тариздөө болду. Ошентип, санариптештирүү жашообуздун көбүрөөк тармагын камтыган жана заманбап коомдо сезилерлик өзгөрүүлөргө алып келе турган маанилүү трендге айланып бара жатат», - деди Алия Чыныбаева.

Кыргызстанда форум экинчи жолу өткөрүлүп жатат, форумга 1,5 миң делегат катышып, глобалдык жана аймактык масштабдагы 30 ири компания иш-чаранын өнөктөшү болду.

«Digital Kyrgyzstan» санарип коом жана финтехтен криптовалюта менен жасалма интеллектке чейин, кибер коопсуздук, заманбап чекене соода жана курулуш тармагындагы санариптештирүү сыяктуу быйылкы жылдын дагы темаларын камтыган кеңири багыттагы аянтча болуп калды.