«Халык Банк Кыргызстан» Кыргызстандын түрдүү окуу жайларынын студенттери үчүн иш-чараларды жигердүү өткөрөт.
Негизги максат – таланттуу студенттердин IT-кесиптеринин жана финтех ааламына кирүүсүнө жардам берүү.
-
Ошондой эле Банк КМТУ тарабынан уюштурулган «Келечектеги кесиптер үчүн STEM4ALL» конференциясынын катышуучуларын дагы колдогон.
-
Быйыл «Халык Банк Кыргызстандын» командасы Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин БГУда уюштурган Санариптештирүү боюнча I республикалык форумга катышты.
-
Мындан тышкары, Банкта студенттер үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп турат.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы Алия Чыныбаева өткөн OpenDay иш-чарасында БААУ студенттеринин алдында сүйлөп жатып, бүткүл дүйнөдө банктык кызматтарды санариптештирүү жана аралыктан сервистерди көрсөтүү тренди жүрүп жатканын белгиледи.
«Биздин Банкта digital-трансформация ийгиликтүү ишке ашырылган. Биз аралыктан идентификацияны өтүү аркылуу иштеген санарип өнүмдөр менен сервистерди ишке ашырдык» - деди төрайым.
Алия Чыныбаева жаштарга кайрылып жатып, адаптивдүүлүк азыркы өтө тез өзгөрмөлүү дүйнөдө ийгиликке жетүүнүн маанилүү шайманы экендигин кошумчалады жана тандап алган кесиптерге карабастан, IT-көндүмдөрдү өздөштүрө берүүгө чакырды.