Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» санарип экономикада кыздар менен аялдарды колдоого алган бир нече долбоорлорду ишке ашырды

12.03.2024

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) жыл сайын өтүүчү Ring the Bell for Gender Equality — 2024 тооруктарынын ачылыш аземин өткөрдү.

Иш-чара Эл аралык каржылык корпорациясы (IFC) жана БУУнун «Туруктуу фондулук биржалар» (UN SSE) демилгесинин алкагында Кыргызстандагы «БУУ-аялдар» тутуму менен биргеликте өткөрүлдү. 

Быйылкы жылдын талкуусунун темасы «Аялдарга инвестициялар: Кыргызстандагы экономикалык прогрессти тездетүү» болду.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы Алия Чыныбаева «Аял ишкердигин насыялоо. Санарип экономикасында аялдарды колдоо» темасында баяндама жасады.

Ал «Халык Банк Кыргызстанда» 2019-жылдан баштап, USAID тарабынан Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошкондугу белгиленген  аял ишкердигин насыялоо программасы бар экендигин белгиледи.

«Биз беш жыл бою төмөнкү пайыздык чени менен Аял Ишкердигин Насыялоо программасын ишке ашырып келебиз жана биздин топтогон маалыматтардын негизинде биз аялдардын мырзаларга караганда тартиптүүрөөк зайымчы экендигин ишенимдүү айта алабыз. Аялдардын скоринги дагы жогору. Биз Кыргызстанда аял ишкердигин өнүктүрүүнү колдоого ар дайым даярбыз», - деди төрайым.

Ошондой эле Алия Чыныбаева аялдардын санарип экономикасындагы аялдарды колдоо маанилүү экендигин белгиледи.

«Бүгүн STEM-кесиптерин кыздарга караганда жигиттер көбүрөөк тандайт. Бул багыттарда айлык акылар башка тармактарга караганда жогорураак. Эгерде азыр STEM багыттарында кыздарды колдобосок, келечекте санариптик экономикада эркектер менен аялдардын ортосундагы ажырым чоңоюп кетиши мүмкүн. «Халык Банк Кыргызстан» санарип экономикада кыздар менен аялдарды колдоого алган бир нече долбоорлорду ишке ашырды. Долбоорлордун бири өз стартап долбоорлорун сунуштаган кыздарды колдоого багытталган», - деп кошумчалады.  

Иш-чара туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн гендердик теңчиликти илгерилетүүдө жеке сектордун маанилүү ролун баса белгилеген глобалдык окуя болуп саналат. 

Жыл сайын өтүүчү Ring the Bell for Gender Equality иш-чарасынын сессиялары алгачкы жолу 2015-жылы жети биржанын катышуусу менен өткөн. Азыр бул демилгеге 120дан ашуун өлкө кошулду. Кыргызстанда Ring The Bell төртүнчү жолу өтүп жатат.

Салтанаттын максаты гендердик теңчилик маселелерине көңүл буруу, экономиканын ар кыл тармактарында аялдардын катышуусун талкуулоо үчүн диалогдук аянтчаны түзүү болуп саналат.