Урматтуу кардарлар!
«Халык Банк Кыргызстан» ААК 2024-жылдын 25-мартында чет өлкөлүк валютада «Halyk-универсалдуу» депозити боюнча бир күндүк акциясын жарыялайт.
Шарттары:
- Депозиттин мөөнөтү - 12 ай;
- Пайыздык чен - жылдык 3%;
- Аманаттын суммасы - 435 000 АКШ долларынан баштап;
- Толуктоо - алгачкы 6 (алты) айда гана мүмкүн.
Суроолор пайда болгон учурда Сиз 8008 кыска номери аркылуу биздин контакт-борборго 24/7 режиминде ар дайым кайрылсаңыз болот (чалуу акысыз).
«Халык Банк Кыргызстан » ААК өз кардарларына акча каражаттарынын ишенимдүүлүгү менен корголулушун кепилдейт, анткени банк Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат.