Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» Global Finance каржылык журналы тарабынан Кыргызстандагы мыкты банк болуп табылды

28.03.2024

«Халык Банк Кыргызстан» Global Finance эл аралык каржылык журналы тарабынан Кыргызстандагы мыкты банк болуп табылды.

2024-жылдын 26-мартында Global Finance каржылык журналы Азиялык-Тынч океандык аймакта 2024-жылга карата каржы тармагындагы мыкты банктардын рейтингин жарыялады. 28 өлкөнүн лауреаттарынын ичинде «Халык Банк Кыргызстан» дагы бар. Рейтингдин жеңүүчүлөрү журналдын редакторлору тарабынан  банкирлер, корпоративдик каржылык директорлор, банктык консультанттар жана бүткүл дүйнөлүк аналитиктер менен жүргөн консультациялардын негизинде аныкталган.

Мыкты банктарды тандоонун критерийлери катары активдердин өсүшү, кирешелүүлүгү, географиялык камтуусу, стратегиялык мамилеси, жаңы бизнести өнүктүрүү жана өнүмдөрдөгү инновациялары каралган.

Бул жеңиш «Халык Банк Кыргызстандын» жогорку артыкчылыктарын, туруктуулугу менен ишенимдүүлүгүн тастыктайт. 


Маалымкат:

Global Finance каржылык журналы 1987-жылы негизделген. Журнал дүйнөнүн 158 өлкөсүнө таратылат. Журналдын аудиториясы инвестицияларга, стратегиялык чечимдерге жооптуу каржылык жана корпоративдик тармактын жетекчилерин эл аралык компаниялар менен каржылык институттардын ишине кошот.

Global Finance банктардын жана башка каржылык кызматтардын ишмердигинин көрсөткүчтөрүнүн негизинде банктардын арасындагы лидерлерге жыл сайын тандоо жүргүзөт. Журнал тарабынан берилген сыйлыктар дүйнөлүк каржылык коомчулугу үчүн сапат көрсөткүчү катары эсептелинет.