Урматтуу кардарлар!
«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Элдик - пенсиялык» депозити боюнча бир күндүк акциясын жарыялайт.
2024-жылдын 5-апрелине карата «Элдик - пенсиялык» депозитинин шарттары:
• Депозиттин мөөнөтү - 12 ай;
• Пайыздык чен - жылдык 14%;
• Аманаттын суммасы - 4 000 000 КР сомунан баштап.
Суроолор пайда болгон учурда Сиз 8008 кыска номери аркылуу биздин контакт-борборго 24/7 режиминде ар дайым кайрылсаңыз болот (чалуу акысыз).
«Халык Банк Кыргызстан» ААК өз кардарларына акча каражаттарынын ишенимдүүлүгү менен корголулушун кепилдейт, анткени банк Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат.