Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

«Halyk» МИБ авторлоштуруу функционалын толуктоо жөнүндө

18.04.2024

Урматтуу кардарлар!

 «Halyk» Банкынын тиркемесинде авторлоштуруу функционалын толуктоо жөнүндө маалымдайбыз. 

Биз МИБде биометрия (Face ID, Touch ID) же PIN-код аркылуу бир этаптуу авторлоштуруу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырдык.

Бул функционалды ырастоо үчүн сиз «Halyk» тиркемесинин акыркы версиясына чейин жаңылап алышыңыз керек ( App Store жана Google Play платформаларында жүктөөгө жеткиликтүү):

  •  Тиркемеде авторлоштуруудан өтүү; 
  • Колдонуучунун жеке кабинетине өтүү; 
  • Ыңгайлуу ыкманы тандоо менен авторлоштуруу түрүн өзгөртүү; 
  • Экинчи факторсуз биометриянын жардамы менен авторлоштуруу ; 
  • Экинчи факторду тандоо менен РIN-код аркылуу авторлоштуруу; 
  • Экинчи факторду тандоо менен логин жана сырсөз аркылуу авторлоштуруу. 

Кийин тиркемедеги авторлоштуруу сиз тандаган ыкма менен ишке ашат. Суроолор пайда болгон учурда 8008 номери аркылуу Контакт-борборго кайрылууңузду суранабыз.