«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Halyk» мобилдик тиркемесинде электрондук санариптик кол тамганы алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.
ЭСК алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Тиркемеде авторлоштуруудан өтүү;
- Башкы экрандагы сервистер бөлүмүнөн «Мамкызматтар» бөлүмүнө кирүү;
- «Электрондук санариптик кол тамга» сервисин тандоо жана керектүү маалыматтарды толтуруу.
Электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) – бул өз колу менен койгон кол тамганын электрондук форматтагы аналогу.
ЭСКнын жардамы менен электрондук форматтагы бир катар мамлекеттик кызматтарды алууга болот. Бул сервис акысыз берилет жана күнү-түнү жеткиликтүү.
Суроолор пайда болгон учурда Сиз 8008 кыска номери аркылуу биздин контакт-борборго 24/7 режиминде кайрыла аласыздар.