«Халык Банк Кыргызстан» ААК банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
Банктык система экономиканын ишенимдүү тиреги, каржылык туруктуулуктун жана өлкөнүн бакубаттуулугунун негизи болуп саналат.
Сиздерге кесиптик жетишкендиктерди, карьералык өсүштү, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, бекем ден соолук жана албан-албан каржылык ийгиликтерди каалайбыз.
10-майда Кыргызстан Банк кызматкеринин күнү белгилейт.
Дал ушул күнү 1993-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы биринчи улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизген, кийинчерээк бул күн банк системасынын кызматкеринин кесиптик майрамы катары белгиленип калды.