Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

BIFF 2024: «Халык Банк Кыргызстан» – ESG рейтинги бар Борбор Азиядагы эң алгачкы банк

24.05.2024

23-майда BIFF 2024 «Финтех жана туруктуу өнүгүү: Каржылардын келечеги» Бишкек эл аралык каржы форуму өттү.

 «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы Алия Чыныбаева «Туруктуу каржылоо экология, социалдык саясат жана корпоративдик башкаруунун негизи катары» темасындагы панелдик дискуссиясында модератор болду. 

Баяндамачылар менен учурашкандан кийин, ал банктардын ишинде ESG принциптеринин практикалык ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Баяндамачылар өз презентацияларын сунуштагандан кийин, ESG принциптерин сактоонун эң актуалдуу маселелерин көтөрүштү. 

Алия Чыныбаеванын сөзүнө ылайык, ESG маселелери заманбап коомдо мындан дагы маанилүү боло баштады. 

«Халык Банк Кыргызстан» Борбор Азияда ESG рейтинги бар алгачкы банк болгондуктан, ESG-тажрыйбаларды илгерилетүүнүн лидерлик ролун көрсөтүп келет. Банк ESG-тажрыйбаларды жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда туруктуулук менен социалдык жоопкерчилигинин ар түрдүү аспектилерине багытталган бир катар иш-чаралардын жардамы менен маанилүү ийгиликтерге жетишти, - деди. 

Алия Чыныбаеванын айтымында, «Халык Банк Кыргызстан» ААК аял ишкердигине насаатчылык жана колдоого жигердүү катышып жатат. 

«Биз Бириккен улуттар уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын бекемдөөгө чакырган ТӨМ №5 максатын колдойбуз. «Халык Банк Кыргызстанда» орто жана жогорку менеджменттен аялдардын үлүшү 50%дан ашык болсо, Банктын IT долбоорлоунун 70%ын кыздар ишке ашырышууда», - деп белгиледи Алия Чыныбаева. 

Башкармалыктын төрайымы Банктын экологиялык өнүмдөр менен чечимдердин үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи. Алардын айлана-чөйрөгө таасиринин азайтылышы эң маанилүү. 

«Банктык кызматтардын санариптештирүүсү жана мамлекеттик кызматтардын Кыргызстандын Өкмөтү менен кызматташуусу бул аракеттердин эң мыкты мисалдарынан болуп саналат. ESG-тажрыйбалар тармагындагы жана Банктын туруктуу өнүгүүсүндөгү прогрессивдүү аракеттер коомго жана айлана-чөйрөгө карата жоопкерчиликтүү мамиленин далили болуп саналат. Ошондуктан, «Халык Банк Кыргызстан» ААК келечекте ESG стандарттарына шайкеш болууга ылайыкташкан, өзүнүн ESG-тажрыйбалардын алкагында өз долбоорлор менен демилгелерин ишке ашырууга багыт алган жана башка уюмдар үчүн дагы мисал болуп кала бермекчи», - деп жыйынтыктады. 

Бишкек эл аралык каржылык форуму жыл сайын өтүүчү ири каржылык иш-чара болуп саналат, пикир алмашуу, финтех тармагында акыркы тренддерди талкуулоочу аянтча катары орду чоң.

BIFF 2024 банктык жана микрокаржылык институттардын, каржылык-насыялык мекемелеринин, төлөм уюмдарынын, көз карандысыз эксперттердин, аналитиктердин, жөнгө салуучу органдардын өкүлдөрүн жана Өзбекстандан, Казакстандан, Россиядан, Украинадан, Беларустан, Кытайдан, Азербайжандан, Армениядан, Монголиядан жана башка өлкөлөрдөн келген бизнес ээлерин бириктирди.