Урматтуу кардарлар!
«Халык Банк Кыргызстан» ААК Талас шаарында сактык кассасынын жаңы кеңсесинин ачылгандыгы тууралуу маалымдайт.
2024-жылдын 27-майынан баштап, «Халык Банк Кыргызстан-Жайыл» филиалынын мурун Талас ш., Сарыгулов н/ж дарегиндеги №044-02-15 сактык кассасы учурда Талас ш., Сарыгулов көч., №59 дарегинде жайгашты.
Кардарларга бардык банктык кызматтар жеткиликтүү: насыялар, депозиттер, эсептерди ачуу, акча которуулар ж.б.
Сактык кассасынын иштөө режими:
Иш күндөрү – 09:00-17:00;
Түшкү тыныгуу – ийкемдүү график боюнча 1 саат;
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.
Баарыңыздарды Банктын жаңы кеңсесинде күтөбүз!
Суроолор пайда болгон учурда 8008 номери аркылуу Контакт-борборго кайрылууңузду суранабыз (чалуу акысыз).