Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

Өздүк процессингдик борборунун ишке киргизилишине байланыштуу техникалык жумуштар

04.06.2024

Урматтуу кардарлар!

«Халык Банк Кыргызстан» ААК тейлөө сапатын жана банктын сервистерин жакшыртуу максатында өздүк процессингдик борборун ишке киргизет.

Ушуга байланыштуу 2024-жылдын 12-июнунда саат 23:00дө техникалык жумуштарды жүргүзүү пландалган.

Кийинки продукттар менен кызматтар убактылуу жеткиликсиз болот:

  • Visa төлөм карталарын чыгаруу:
  • Банктын кеңселери менен түзүлүштөрдө Visa  карталарын толуктоо (төлөм терминалдары жана АДМ);
  • Өнөктөштөр аркылуу Visa  карталарын толуктоо (КР банктары жана агенттери (PAY24, ОНОЙ, UNIPAY, О!Деньги, ЭлкартМобайл, MEGAPAY ж.б.));
  • «Korona» тиркемеси аркылуу Visa  карталарын толуктоо («Золотая Корона» ЖАК);
  • Visa  карталары менен интернет дүкөндөрдө төлөө (e-commerce);
  • Pos-терминалдар аркылуу карта менен төлөө;
  •  Банктын банкоматтары менен кассаларынан акча каражаттарын накталай алуу; 
  • Visa карталары боюнча маалыматкаттар;
  • Visa карталарын колдонуу аркылуу «Halyk» мобилдик тиркемесинде төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн жана акча которууларды жүргүзүү;
  • Visa Direct акча которуулары;
  • Салуулардын дистанттык каналдары аркылуу (МИБ) «Элдик» насыялоо программасы боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана насыяларды берүү;
  • Сатуулардын дистанттык каналдары (МИБ) аркылуу карталык эсептердин онлайн депозиттерди ачуу;
  • Карталык эсептерден депозиттерди толуктоо;
  • Карталык эсептеги акча каражаттарын «Элдик» насыялоо программасы боюнча насыяны төгүү үчүн эсепке которуу.


«Халык Банк Кыргызстан» ААК акча операцияларын жүргүзүүнү алдын ала пландаштырууну сунуштайт жана мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Суроолор пайда болгон учурда 8008 номери аркылуу Байланыш борборуна кайрылууну суранабыз (чалуу акысыз).

*Банк өз чечими менен сервистердин тизмеси, техникалык жумуштардын сааты жана күнү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.