Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

«Народный» жана «Экспресс» онлайн насыяларынын максималдык суммалары чоңойтулду

27.06.2024

Урматтуу Кардар!

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 2024-жылдын 4-июнунан баштап «Народный» онлайн насыясы боюнча максималдык сумма 300 000 сомго чейин жана «Экспресс» онлайн насыясы боюнча - 250 000 сомго чейин чоңойтулганын маалымдайт.

Программалар боюнча насыянын шарттары:

«Народный» (эмгек акы долбоорунун катышуучулары үчүн):

Насыянын суммасы: 1 000 сомдон 300 000 сомго чейин;

 Насыянын мөөнөтү: 1 айдан 24 айга чейин;

 Пайыздык чен: жылдык 24% (эффективдүү чен 26,58% баштап);

«Экспресс»:

Насыянын суммасы1 000 сомдон 250 000 сомго чейин;

Насыянын мөөнөтү: 1 айдан 24 айга чейин;

Пайыздык чен: жылдык 25% (эффективдүү чен 27,81% баштап).

Насыяны кантип алса болот? 

1. Google Play же App Store тиркемелер дүкөнүнөн Halyk тиркемесин жүктөп алып,

2. Банктын Сиз каалаган кеңсесинен каттоодон өтүп,

3. Halyk тиркемесинен «Насыялар» → «Насыя алуу» → «Экспресс насыя» бөлүмүнө өтүп,

4. Ала турган сумманы, мөөнөттү тандап алыңыз да, өтүнмөнү тариздеңиз.

Өтүнмө эң кыска мөөнөттөрдө каралат.

200 000 сомдон жогору онлайн насыя алуу үчүн электрондук санариптик кол тамгаңыздын (ЭСКТ) болуусу зарыл.

Halyk тиркемесинде кардарда ЭСКТ жок болгон учурда, аны дароо алуу каралган.

Насыя жактырылганда, акча каражаттары дароо чегерилет.

Суроолор пайда болгон учурда, Сиз 24/7 биздин Байланыш борборубузга 8008 кыска номери боюнча кайрылсаңыз болот (чалуу акысыз).