Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Сиздин смартфондогу карта: «Халык Банктан» 15 секундда санариптик картаны кантип ачууга болот?

31.05.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААК өзүнүн кардарлары үчүн уникалдуу банктык кызматты - Visa жана Элкарт санариптик картасын чыгарууну ишке киргизип жатат.

Санариптик карта – бул анын өзүн физикалык алып жүрүүчүсүз интернет тармагында товарлардын акысын төлөө үчүн дайындалган төлөм карта.

Санариптик картанын артыкчылыктары:

  • Ыңгайлуу жана тез чыгаруу
  • Картанын жеткиликтүүлүгү 24/7
  • Коопсуз

Халык Банктын кардарлары Банктын кеңсесине келбей туруп, Halyk тиркемесинде санариптик картаны:

  • Элкарт – KGS менен
  • Visa – KGS, USD, EUR, KZT менен чыгара алышат.


Анын дагы кандай өзгөчөлүктөрү бар?


Санариптик картаны колдонуунун жеңилдигинен тышкары, интернет операцияларды жүргүзүү учурунда жогоркукоопсуздук деңгээлине ээ, анткени анда Сиздин негизги картаңыздын реквизиттери иштебейт.
Ошондой эле, Halyk тиркемесинде онлайн менен картаңызды башкаруу - интернет төлөмдөрүнө жетүүмүмкүнчүлүгүн бөгөттөө, кошуу/өчүрүү Сизге жеткиликтүү.


«Халык Банк Кыргызстан» ААК айлана-чөйрөнү сактоо жана ага камкордук көрүү жаатында социалдык саясатты колдойт. Санариптик картаны ишке киргизүү да дүйнөдө пластикти колдонууну жана зыяндуу заттардынатмосферага чыгуусун кыскартуу маселесин колдойт. Пластикалык маалымат алып жүрүүчүсү жок банктыккартаны тандоо менен кардар айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошот.

Сизде суроолор жаралса, биздин байланыш борборубузга 24/7 бою төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот:
8008
+996 312 988 330
+996 706 98 83 30 (Whatsapp)