Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банктан» HalykPosKG тиркемеси эми «Элкарт» жана «МИР» карталарын да кабыл алат!

12.06.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын HalykPosKG мобилдик тиркемеси эми «Элкарт» жана «МИР» карталарын да кабыл алат»!

Эми Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес ишканаларынын ээлери Visa карталары аркылуу гана эмес, жергиликтүү улуттук «Элкарт» системасы жана орусиянын «МИР» системасы аркылуу да байланышсыз төлөмдөрдү оңой эле кабыл алышат.

Белгилей кетсек, HalykPosKg – бул NFC чипи бар смартфондогу мобилдик тиркемеси, ал POS терминалынын бардык функцияларына ээ. Тиркеме Tap to Phone технологиясынын базасында иштейт жана бир басуу менен эле байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет. Технологияны колдонууда накталай акчаларды иштетүүдө ишканалардын соода-тейлөө чөйрөсүндөгү жүгүн азайтат, кардарлар базасын көбөйтүүгө жана эквайринг кызматтарына кошулуу баасын минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Visa төлөм системасы менен өнөктөштүктө Tap to Phone технологиясын ишке киргизген Кыргызстандагы биринчи банк болуп саналат.

Ушул технология боюнча колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну баштоо үчүн чакан жана орто бизнес ишканаларынын ээлери NFC модулу менен Android смартфонуна PlayMarketтен HalykPosKg акысыз тиркемесин орнотуп алуулары керек.

Visa Tap to Phone технологиясы чакан жана орто соода-тейлөө ишканалары, анын ичинде төмөнкүдөй тармактарда иштеген компаниялар үчүн дайындалган:

• товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу;

• товарларды жеткирүү, курьерлердин иши;

• соода өкүлдөрү;

• көчмө иш-чаралар;

• транспорттук кызмат көрсөтүү, жук ташуулар;

• такси;

• чакан жана орто соода-тейлөө компаниялары.