Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» жаңычылдыгы (инновация) үчүн эл аралык артыкчылыктуу сыйлыкка татыктуу болду

20.10.2022

«Halyk» («Халык Банк Кыргызстан» ААК) мобилдик тиркемеси Кыргызстандагы банктык продуктулардын ичинен эң жаңычылы болуп таанылды.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК басма эксперттеринин пикири боюнча ал 2022-жылы чекене банктык продуктылардын ичинен Кыргызстандагы эң жаңычыл (инновациялык) тиркеме болуп калган «Halyk» мобилдик тиркемеси үчүн абройлуу эл аралык Global Banking and Finance Review (Улуу Британия) журналынын «Most Innovative Retail Banking App in Kyrgyzstan – 2022» артыкчылыктуу сыйлыгын алды.

Global Banking and Finance Reviewнин сыйлыктары жана белектери жыл сайын берилип турат жана дүйнөлүк финансы секторунда, анын ичинде банк ишинде, корпоративдик финансы, инвестициялар жана башкаларда болуп жаткан жаңычыл (инновациялык) жана прогрессивдүү өзгөрүүлөрдү чагылдырып турат.

«Halyk» мобилдик тиркемеси – бул сиздин эсептериңизге жана карталарыңызга 24/7 бою жетүү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз банктык чечим болуп саналат.

Тиркеменин колдонуучулары үчүн 500дөн ашык тейлөө кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү бар, анын ичинде:

  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын комиссиясыз төлөө;
  • Акча которуулар;
  • Алмашуу операциялары;
  • Кредиттерди төлөп тындыруу;
  • Депозиттерди толуктоо;
  • Картага бөгөт коюу;
  • Көптөгөн башкалар.

Ошондой эле Банктын кардарлары «Halyk» мобилдик интернет-банкингинин төмөнкүлөр сыяктуу уникалдуу тейлөө кызматтарынан пайдалана алышат:

  • Visa и «Элкарт» виртуалдык карталарын чыгаруу;
  • Онлайн кредит алуу;
  • Сүрөттү салыштырып текшерүү аркылуу алыстан идентификациялоо.
  • Онлайн депозит ачуу;
  • «Элкарт» карталарынын ПИН-кодун алмаштыруу.

Сизде суроолор жаралса, биздин байланыш борборубузга 24/7 бою төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыз болот:

8008

+996 312 988 330

+996 706 98 83 30 (Whatsapp)

***

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 16 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын аймагында өз ишмердигин жүргүзүп келе жатат жана кардарлардын керектөөлөрүн канааттандырууга, алдыңкы жаңы банк продуктыларын жана тейлөө технологияларын ишке киргизүүгө максатталган. «Халык Банк Кыргызстан» — ал Halyk Group тобунун курамына кирген жана 99 жылдан ашуун убакыттан бери өз ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келе жаткан «Казахстан Халык Банкы» (Halyk Bank) казакстандык эң ири банкынын туунду уюму болуп саналат. Бүгүнкү күндө Halyk Bank ар кандай сегменттерде, анын ичинде чекене, чакан жана орто бизнес жана корпоративдик банкинг кызматтары, камсыздандыруу, лизинг, брокердик кызматтар жана активдерди башкарууда иш алып баруучу эң ири жайылтуу тармагына ээ.