Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Каракол шаарындагы «Халык Банк Кыргызстан» ААК жаңыланган филиалы ачылды

30.10.2022

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Халык Банк Кыргызстан» ААК жаңыланган филиалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. 

Филиалды кеңейтүү жана жаңылоо чечими аймактагы бизнестин өнүгүүсүнө жана Банктын көрсөткөн кызматтарына байланыштуу кабыл алынган. 

Жаңыланган филиалда Банктын кардарлары банктык кызматтардын кеңири спектринен пайдалана алышат: эсептик-кассалык тейлөө кызматтары менен бирге, төлөмдөрдү улуттук жана чет өлкөлүк валютада жүргүзүү, кредиттөө, төлөм карталарын ачуу жана көптөгөн башка банктык операциялар.

Социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында Банктын атынан Каракол шаарынын мэриясына «Ирада» муниципалдык балдар үйүнө финансылык колдоо үчүн 50 000 сомдук сертификат ыйгарылды.

Жаңыланган филиалдын ачылыш аземине Каракол шаарынын жетекчилиги жана шаар тургундары катышты. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК филиалдарынын тармагынын келечектепги өнүгүү программасы боюнча Кыргызстандын региондорунда банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн көбөйтө турган жаңы жайлардын ачылышы болжолдонууда. Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында Банктын 10 филиалы, 12 сактык жана 13 көчмө кассасы иштейт.

Эгер суроолоруңуз болсо, байланыш борборубузга 24/7 режиминде кайрылсаңыз болот:

8008 (күнү-түнү)

0312 988 330

0706 988 330 (WhatsApp)