Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК россиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту

24.10.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААК россиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту.

Буга байланыштуу, «Мир» карталарынын ээлерине төмөнкүлөр жеткиликсиз болот:
• «Халык Банк Кыргызстан» ААК (мындан ары Банк) банкоматтарынан жана POS-терминалдарынан накталай каражаттарды алуу боюнча операциялар;
• Банктын POS-терминалдарынан накталай сатып алуулар;
• «МИР» карталарынын катышуусу менен Банктын карталарына кирүүчү жана чыгуучу акча которуулар.

Эгер Сизде кошумча суроолор пайда болсо, Сиз ар дайым 8008 кыска номери боюнча күнү-түнү иштеген байланыш борборуна кайрылсаңыз болот.