Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Халык» тобунун кардарларынын пайдасына акча которуулардын тарифин белгиледи

21.11.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Халык» тобунун кардарларынын пайдасына казак теңгесинде бир накталай эмес которуу үчүн SWIFT тутуму боюнча 200 сом өлчөмүндө акча которуулардын тарифин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Халык» эл аралык тобуна төмөнкү Банктар кирет:

· «Казакстандын Элдик Банкы» АК

· «Tenge Bank» АКБ

· «Москоммерцбанк» АК

· «Халык Банк Грузия» АК

Эгер сизде суроолор пайда болсо, бизге 24/7 режиминде 8008 кыска номерине кайрылсаңыз болот. (чалуу акысыз)

Маалымкат:

«Халык Банк Кыргызстан» Казакстандын Halyk Group тобуна кирген жана 98 жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келе жаткан ири «Казакстандын Элдик Банкынын» туунду уюму болуп саналат. Азыркы күндө Halyk Bank чекене соода, чакан жана орто бизнес менен корпоративдик банктык кызматтар, камсыздандыруу, лизинг, брокердик кызматтар жана активдерди башкаруу сыяктуу ар түрдүү сегменттерде операцияларды жүргүзүүчү эң кеңири тармакка ээ.

Halyk Group финансы рыногунун (банктык, камсыздандыруу, баалуу кагаздар, лизинг) бардык сегменттеринде эл аралык стандарттардын деңгээлинде кызматтардын кеңири спектрин сунуштаган универсалдык финансы тобу катары Борбордук Азияда биринчи орунду ээлеп турат. Ошону менен бирге Halyk Group кардарларынын каражаттарын сактоону, натыйжалуу жайгаштырууну жана көбөйтүүнү камсыз кылууда.