Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына даярдыктын алкагында Борбордук Азия үчүн субаймактык кеңеш берүүлөргө катышты

27.02.2023

28-февралда БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын (ААК) 67-сессиясына даярдыктын алкагында Борбордук Азия үчүн «Окутуу аркылуу гендердик аспекттерди эске алуу менен тоолуу аймактарда туруктуу өнүгүү үчүн аялдар менен кыздарга санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» темасында субаймактык кеңеш берүүлөр болду.


Кыргызстандагы жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча коомдук кыймылдардын, "БУУ-Аялдар", өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Япониянын элчилери, ошондой эле санариптик технологиялар, маданият жана туризм, иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу маселелери боюнча Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын министрликтеринин өкүлдөрү, анын ичинде "Халык Банк Кыргызстан" ААК Башкармалыгынын Төрайымы – Алия Чыныбаева катышты.

Төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

  • санариптик жеткиликтүүлүктөгү гендердик ажырым;
  • санариптик кызматтарды колдонуу;
  • кесиптерде, ишкердикте аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • санариптик трансформация боюнча чечимдерди кабыл алуу ж. б.


Жолугушууда Алия Чыныбаева курамына "Халык Банк Кыргызстан" кирген «Halyk Group» жөнүндө айтып өттү.

Биринчиден, ал Halyk Group - бул 33 млрд. доллардан ашык активдери, 14 туунду компаниясы, 73%ын аялдар түзгөн 18 миң кызматкери бар Борбордук Азиядагы олуттуу финансылык топ экенин белгиледи.

Экинчиден, Halyk Group 3 ири эл аралык агенттиктердин Moody’s Ivestors Service, Standart&Poor’s, FitchRatings рейтингине ээ, ошондой эле Лондон финансылык биржасында листинги бар. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, Halyk Bank (Казакстан) Башкармалыгынын төрайымы Шаяхметова Үмүт Болатхановна айым болуп саналат.

2020-жылдан тартып Halyk Bank (Казакстан) Борбордук Азия регионунда (экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин камтыган компаниянын баалоо критерийлери) ESG рейтинги менен биринчи коммерциялык банк болуп калды.

"2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында, Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатынын ичинен банк үчүн 11 актуалдуусун аныктады, аларды ийгиликтүү карманат жана ESG-рейтингине ээ", - деди Алия Чыныбаева.

Туруктуу өнүгүүнүн бешинчи максаты (ТӨМ-5) гендердик теңчилик, аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камтыйт. Бул Halyk Group тобунун өкүлчүлүгү болгон бардык региондордо өнүктүрүү боюнча артыкчылыктууларынын бири болуп саналат.


Отурумдун алкагында ал Halyk Group тобунун жана анын туунду компанияларынын алар аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизген бир катар багыттарын белгиледи, анын ичинде IT жана башка тармактардагы аялдардын ролунун маанилүүлүгүн баалады:

  • Halyk Group БУУ менен глобалдык келишимге кол койгон жана азыр Казакстанда "БУУ-Аялдар" түзүмү менен өзүнчө өнөктөштүк келишими түзүлүп жатат. 5 миллиард теңге (11,2 миллион доллар) аялдардын ишкердигине жеңилдетилген чен менен инвестициялангандыгын өзүнчө белгилеп кетүү керек. Быйыл бул багытта дагы 1 миллиард теңге (2,2 миллион доллар) тартылат.
  • Эки жылдын ичинде "Халык Банк Кыргызстанда" санариптик трансформация жүрүп жатат, анын алкагында калк үчүн банктын онлайн-сервистерин сунуштоону бир кыйла жакшырта турган бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Бул долбоорлордун көбүн кыздар ишке ашырат.
  • "Халык Банк Кыргызстан" ААКсында аялдардын ишкердигин жеңилдетилген шарттарда кредиттөө боюнча атайын программа дагы бар.
  • Борбордук Азиядагы TechnoWomen, анын ичинде TechnoWomen Kyrgyzstan кыймылынын алкагында Start-up Battle долбоору ишке киргизилди. Долбоор ишкер аялдарга өз идеяларын айтууга жана мыкты стартаптарды ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет. Катышууга арыз 2023-жылдын 10-мартына чейин берилиши мүмкүн.
  • 28-январда өткөн Кыргызстандагы алгачкы TechnoWomen конференциясы, IT тармагында жана башка тармактарда иштеген, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан келген миңге жакын пикирлеш аялды бир жерге чогултту. Мындай кызыкчылык бир нерсени айтышы мүмкүн:" digital-дүйнөсүндө чек ара жок жана аялдар TechnoWomen коомдук уюмунун алкагында синергия аркылуу биздин өлкөлөр үчүн көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашыра алышат". 

Маалымат үчүн. "Халык Банк Кыргызстан" ААК өз ишин республиканын аймагында 19 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүп келет. Банк Казахстандын эң ири банкынын "Казахстан Элдик банкы" АКтын (Halyk Bank) туунду уюму болуп саналат, ал Halyk Group эл аралык тобуна кирет. Halyk Group 10 миллиондон ашык адамды тейлейт, ошондой эле 4 өлкөдө ишмердигин жүргүзөт. Быйыл "Казакстан Элдик банкы" АК Halyk Bank өз жүз жылдыгын белгилеп жатат.