«Халык Банк Кыргызстандын» кызматкерлери бүт өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан республикалык «Таза жашоо» ишембилигинин алкагында тиешелүү тилкелерди тазалашты. Ирригациялык тармактарды тазалоого жана айлана-чөйрөнү жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Массалык акцияга 300дөн ашык киши катышты.
«Таза жашоо» акциясын өткөрүүнүн максаты айлана-чөйрөгө камкордук кылуу, ошондой эле табигый мурасты коргоо болуп саналат.
Ошондой эле, 2020-жылдан тартып Halyk Bank Борбордук Азия регионунда (экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин камтыган компаниянын баалоо критерийлери) ESG рейтинги менен биринчи коммерциялык банк болуп калды.
Маалымат-борбору
«Халык Банк Кыргызстан» «Таза жашоо» акциясына катышты
25.03.2023